http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Новопокровка айылында жолдон өтүү коркунучтуу

Элдик репортер: Новопокровка айылында жолдон өтүү коркунучтуу

11 Янв , 14:57 348

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Ысык - Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы борбордук көчөдөн өтүү айылдыктар үчүн кооптуу экендигин айтып, айыл тургуну видео жөнөткөн. Аталган көчөнүн эки четинде жөө адамдар өтүүсүн шарттаган белги коюлганы менен жол чийини жок, унаалар токтобойт. 

"Бул көчөдөн унаалар тез ылдамдыкта тынымсыз өтөт. Жол белгисин караган айдоочу жок, киши өткөрүшпөйт. Бул жерге негизи жөө адамдар өтүүсү үчүн жол чийинин чийиш керек. Керек болсо жол чырак да коюп коюшса жакшы болот эле. Бир нече жол кырсыгы катталып, адамдар жабыркады. Ошондо деле караган киши жок, айыл өкмөтү, жергиликтүү депутаттар ушул маселени чечип беришсе жакшы болот эле",- деп жергиликтүү тургун өтүнүчүн калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате