http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Авариялык абалдагы үйдө жашаган Ош шаарынын тургундары

Элдик репортер: Авариялык абалдагы үйдө жашаган Ош шаарынын тургундары

30 Апр , 11:29 164

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарындагы Аэропорт шаарчасынын №4 жатак үйү учурда авариялык абалда турат. Үч кабаттуу үйдүн тургундары мындай абалдан кооптонуп, жергиликтүү бийликтегилерден жардам сурайт. 

Эскилиги жеткен бул жатак үйдүн полу чирип, көрүнгөн жеринен тешилип, дубалдары ажырай баштады. Анысы аз келгенсип катуу жамгырда тамчы өтүп айлабызды кетирет. Башка жакка көчүп кеткенге эч кандай шартыбыз жок. Тийиштүү кызматтар ушул көйгөйдү колго алып, үйдүн абалын текшерип кетишсе жакшы болот эле.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате