http://www.ktrk.kg/2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп расмий жарыяланды

2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп расмий жарыяланды

11 Янв , 23:57 724

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп расмий жарыяланды. Жарлыкка бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Документте аталган жылдын алкагында ишке ашырыла турган чаралар, алардын ыкмалары, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин укук, милдеттери жана жалпы эле бул жааттагы мамлекеттик саясаттын багыттары аныкталды.

2018-жылы негизги аракет аймактарды өнүктүрүүгө жумшалып, эң ириде элет жеринде жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактарда бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, кайра иштетүүчү жана чакан өндүрүш ишканаларын ачууга багытталды. 

Эми былтыр аткарылган негизги жумуштар белгиленип, 2019-жылы да аймактарды өнүктүрүү иши улантылып, ага кошумча санариптештирүү иш-чаралары күчөтүлмөкчү. Өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү 2019-жылдын башкы багыты болуп калат.

2019-жылы өлкө аймактарын санариптештирүү менен бирге өндүрүш, социалдык мекемелерди куруу, таза суу, ирригация жана инфратүзүм маселелери да бирге жүргүзүлөт. Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин Аппарат Жетекчисине жүктөлүп, документ расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирди.







Новости по дате