http://www.ktrk.kg/Жаңы эрежелердин максаты

Жаңы эрежелердин максаты

11 Янв , 0:18 594

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл жаңыра элек жатып Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 23кө жетип, 187 адам ар кандай жаракаттарды алган. 

Жол эрежесин көзөмөлгө алган адистер алыс жолго чыккан айдоочулардын көбү акча табуунун аракетинде оңчулуктуу эс албай, унаа башкарып жол кырсыктарынын чыгышына себепчи болууда дешет. 

Буга байланыштуу, тиешелүү адистер Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги жол кыймылына тийиштүү бөлүмдөр тууралуу айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларда жаңы кирген өзгөртүүлөр боюнча суроолор көп болуп чыкты. Жол кырсыктарын алдын алууга карата жасалган кадамдарды колдогондор арбын. Аларды тынчсыздандырган маселе да жок эмес.

Эгер эрежени ар бир айдоочу туура сактаса, чөнтөгүнө да күч келбери анык. 



Новости по дате