http://www.ktrk.kg/Тоң районунда жубайлардын чырынан 4 айлык наристе чарчап калды

Тоң районунда жубайлардын чырынан 4 айлык наристе чарчап калды

12 Янв , 17:16 1355

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районунда жубайлардын чырынан 4 айлык наристе чарчап калды. Аялын ур-токмокко алган жаран 4 айлык кызынын башына жыгач менен уруп алган. 

Бул маалыматты Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы тастыктады. Окуя 28-декабрда түнкү саат 3 төр чамасында Туура-Суу айылында болгон. 

Мас абалындагы 27 жаштагы адам менен аялынын ортосунда уруш чыгып, ал аялын урам деп колундагы наристенин башына катуу чаап алган. Ал эми чуусу келген аял бычак алып келип күйөөсүнө шилтегенде анын моюнун жана оң колун тилип кеткен. 

Натыйжада, "Тез жардам" кызматы үчөөнү аймактык ооруканага жеткирген. Наристе өзүнө келбей жатып, эртеси күнү жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 2 айга камакка алынды.




Новости по дате