http://www.ktrk.kg/"Жол эрежесин сактоо менен өмүрлөрдү сактап калалы" акциясы

"Жол эрежесин сактоо менен өмүрлөрдү сактап калалы" акциясы

12 Янв , 17:55 2022

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында "Жол эрежесин сактоо менен өмүрлөрдү сактап калалы" деген акция өттү. 

Иш-чара Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, миңден ашуун өспүрүм катышты. 

Балдар тайпаларга бөлүнүп, жол эрежесине байланышкан оюндарды ойноп, сынактарды уюштурушту. Акцияга ата-энелер да катышып, өспүрүмдөр аларга жол эрежеси тууралуу суроолорду узатышты. 

Максаты - оюн-зооктор аркылуу балдарга жол эрежелерин үйрөтүү менен жол кырсыктарынын алдын алуу.



Новости по дате