http://www.ktrk.kg/Ишкерлер мындан ары отчетун электрондук түрдө тапшыра баштайт

Ишкерлер мындан ары отчетун электрондук түрдө тапшыра баштайт

13 Янв , 22:46 1257

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мындан ары ишкерлер өздөрүнүн отчетун салык кызматына электрондук түрдө тапшыра баштайт. 

Андыктан жарандар ар кандай кагаздарды тапшыруу же алуу үчүн мамлекеттик мекемелерге убакыт коротпойт. Ага катар текшерүүлөр эми салык кызматы тарабынан гана жүргүзүлөт.

Мындай чечим күн мурун өкмөт тарабынан кабыл алынып, ал 15-январдан тарта күчүнө кирет. 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев камсыздандыруу төлөмдөрүн тескеп, башкаруу функциясын Социалдык фонддон Салык кызматына өткөрүп берүү жана бул багытта ыкчам иш аракеттерди көрүү тапшырмасын берди. 

Жаңы киргизилип жаткан ыкмалар ишкерлик менен алектенген юридикалык жана жеке жактарга жеңилдик алып келет жана ар кандай бюрократияга, жасалма тоскоолдуктарга бөгөт болот. 




Новости по дате