http://www.ktrk.kg/Коомчулукта чуу жараткан коррупциялык иштер боюнча тиешелүү жактарга айып тагылды

Коомчулукта чуу жараткан коррупциялык иштер боюнча тиешелүү жактарга айып тагылды

13 Янв , 23:19 975

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыр кышында орун алган Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык, тарых музейин оңдоп түзөөдөн өткөрүү, борбор калаада жер тилкелеринин мыйзамсыз берилиши жана башка бир катар фактылар боюнча козголгон кылмыш иши 2018-жылы коомчулуктун көңүл борборунда болду. 

Иштин көлөмү өтө чоң болгондуктан тергөө иштерин да бир узартууга туура келди. Жыл соңу менен аларды тергөө иштери аяктап, узап бараткан аптада тиешелүү жактарга акыркы айыптары коюлду.

Коомчулукта чуу жараткан кылмыш иштеринде негизги айыпталуучулар мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов, ага катар өлкөнүн энерго секторунун башкы менеджерлери жана башка жактар. 

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталды, алардын суммасы миллирддаган сомдорду түзөт. 

Зыяндын көлөмү негизсиз чечимдерди кабыл алып, аткарылган жумуштун баасын атайылап жогорулатуу, жабдыктарды жана башка керектелүүчү материалдарды кымбат баада сатып алуудан улам көбөйгөн. 

Тергөөнүн жыйынтыгы жогоруда аталган иштердеги коррупциянын деңгээлин ачык көрсөттү. 


Новости по дате