http://www.ktrk.kg/Милиция кызматкеринин өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды

Милиция кызматкеринин өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды

14 Янв , 9:54 2456

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кырсыгынан каза болгон подполковник Күнболот Касмалиевдин өлүмү боюнча шектүү катары бир адам камалып, үч киши сурак берип жатат. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди. Азыркы тапта Касмалиевдин өлүмү жол кырсыгы катары каралууда. "Howo" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа милиция кызматкерин сүзүп кеткен, - деп билдирет башкармалык.

Эске салсак, 10-январда болжол менен түнкү саат бирлер чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу Нарын облустук милициясынын кызматкери Күнболот Касмалиевди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. 

Милициянын маалыматы боюнча маркум Касмалиевдин жеке унаасы Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Дордой" базарынын жанынан табылган. Ал эми кырсык катталган жер ал жактан 15 чакырымдай алыс. Ушундан улам Касмалиевдин жакындары ал киши колдуу болушу мүмкүн деген шек санап жатышат.

Новости по дате