http://www.ktrk.kg/Түркиянын үч жараны чек арадан жасалма паспорт менен кармалды

Түркиянын үч жараны чек арадан жасалма паспорт менен кармалды

14 Янв , 10:15 2078

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын "Ак Жол" чек ара өткөрмө пунктунан жасалма паспорт менен Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган Түркиянын үч жараны кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматта алар Кыргызстанга өздөрүнүн мыйзамдуу паспорту менен киргени айтылат. 

Бирок, көзөмөл бекетинен өтүп жатканда чет элдик жарандар Түркиянын атайын кызматтык паспортун көрсөтүшкөн. Чек арачылар ал документтер жасалма экенин байкаган. Тыкыр текшерүүдөн кийин алар жасалма паспортторун мыйзамдаштыруу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганы айтылат. 

Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалгандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Новости по дате