http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдүн Ананьево айылында эстеликтерди талкалагандар изделүүдө

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында эстеликтерди талкалагандар изделүүдө

14 Янв , 11:16 1079

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, шектүүлөрдү издөө иштери дагы эле уланып жатат. 

Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү жыгач кресттер талкаланганы 12-январда белгилүү болгон. Аларды 11-январдын кечинде белгисиз кишилер бузуп, сындырып кеткени айтылган. Учурда Бишкектеги жана Караколдогу православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү эстеликтерди калыбына келтирип жатышат. Милиция православ мүрзөсүндө 90го жакын эстелик талкаланганын кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрине Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууну тапшырды. 

«Биздин өлкө үчүн бул өзгөчө адепсиз көрүнүш, анткени көзү өткөндөрдүн элесин урматтоо – Кыргызстандын элине таандык маанилүү сапаттардын бири эмеспи. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылып, жазага тартылышы керек, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш», – деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Новости по дате