http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкекте жол чырактар күндүзү да күйүп турат

Элдик репортер: Бишкекте жол чырактар күндүзү да күйүп турат

14 Янв , 14:09 152

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактардын күндүзү күйүп турган абалын шаар тургуну видеого тартып жөнөткөн.

"Күндүзгү саат 13:00дөн өттү, жол чырактар күнү - түнү күйүп турат. Бул кандайча?",- деп суроо калтырган шаар тургуну.

Автордун айтымында, мындай көрүнүштөрдү шаардан көп байкоого болот. Мурда да жол чырактардын күндүзү күйүп турганын тасмага тартып жөнөткөн.   

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате