http://www.ktrk.kg/"Балага сүйүнчү" пул алуунун жолу жеңилдеди

"Балага сүйүнчү" пул алуунун жолу жеңилдеди

14 Янв , 17:02 4085

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Балага сүйүнчү" пул алуунун жолу жеңилдеди. Ушул жылдын 1-мартынан баштап банктык картаны алып келүү токтотулуп, бир гана ата-энесинин паспорту керек болот. Бир жолку төлөнүүчү сүйүнчү пулду алуу үчүн болгону ата-энесинин паспорту, бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү жана банктын реквизиттери керек. 

Эгер ата-энеси баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алган болсо, ошол күбөлүк менен арыз жазышса, каражат эки сутканын ичинде алардын эсебине түшөт. Электрондук арыз бергенден кийин ал Мамлекеттик каттоо кызматына, анан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жиберилет. 10 күнгө чейин акча банктык эсепке которулат. 

Эске салсак, сүйүнчү пулду бала төрөлгөндөн кийин, 6 айлык мөөнөттүн ичинде алса болот. Эгерде ата-энесинин мындай мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда башка бирөөгө ишеним кат жазып берип алса болорун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Новости по дате