http://www.ktrk.kg/Кубанычбек Кулматов январь айынын аягына чейин камакта калтырылды

Кубанычбек Кулматов январь айынын аягына чейин камакта калтырылды

15 Янв , 13:37 1512

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды. Мурдараак ушундай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, Кулматовдун адвокаты шаардык сотко арызданган болчу. 

Эске салсак, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов эки кылмыш иши боюнча айыпталган. Биринчиси баш калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка, экинчиси - паспорт жана жарандык маселесине байланыштуу болчу. 

Экинчи иши боюнча арыз кайра чакыртып алынганы кабарланган. Былтыр 5-июндан бери Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат.

Новости по дате