http://www.ktrk.kg/Кум-Бел көмүр кениндеги абал боюнча комиссия ишинин жыйынтыгы чыкты

Кум-Бел көмүр кениндеги абал боюнча комиссия ишинин жыйынтыгы чыкты

15 Янв , 13:58 1744

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кум-Бел көмүр кениндеги абал боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиянын ишинин алдын ала жыйынтыгы чыкты. Өкмөт Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте кен аймагындагы жаратылышка, элдин саламаттыгына келтирген зыяндарды аныктады. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, кенден чыккан калдыктар тоо бооруна чогултулган. Натыйжада, ал жерден чыккан булактын суусуна көмүрдүн чаңы аралашкан. Өкмөт бийлик калкты таза суу менен камсыздоо чараларын көрүп жатканын билдирди. «Цзинь Лун» ишканасынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар жолугушуп, компания калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн скважиналарды орнотмой болду. 

Ошондой эле, «Кум-Бел» көмүр кениндеги «Цзинь Лун» жана «Эркебек» ишканаларынын жаратылышты сактоо аракеттери текшерилип, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян эсептелип жатат. Мурдараак «Эркебек» ишканасына жер кыртышын бузгандыгы үчүн 362 000 сом айып пул салынган. Буга чейин “Кум-Бел” көмүр кениндеги топурак аралаш көмүр Зергер дарыясына кошулуп, Өзгөн районундагы жети айылдын элин таза суусуз калтырган.

Новости по дате