http://www.ktrk.kg/Элчилик кызматка талапкерлер жактырылды

Элчилик кызматка талапкерлер жактырылды

15 Янв , 17:02 778

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети элчилик кызматка талапкерлерди жактырды. Аликбек Жекшенкулов Орусиядагы, Болот Отунбаев АКШдагы, Динара Кемелова Түштүк Кореядагы, ал эми Канайым Бактыгулова Кытайга ыйгарым укуктуу элчи кызматына көрсөтүлүшкөн. 

Талапкерлерди депутаттарга Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров тааныштырып, алардын тажрыйбасы, иштеги жөндөмдөрү эске алынганын белгиледи. 

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү сунушту бир добуштан колдоду.

Новости по дате