http://www.ktrk.kg/Чек арадагы Миң-Өрүк айылына таза суу тутуму тартылды

Чек арадагы Миң-Өрүк айылына таза суу тутуму тартылды

15 Янв , 0:00 1822

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен районунун чек арадагы Миң-Өрүк айылына таза суу тутуму тартылып, пайдаланууга берилди. 

Айыл эли буга чейин арыктан аккан сууну ичүүгө аргасыз болгон. Ал эми 2018-жылы Баткен районунун 5 айылына таза суу тартылып, элдин ичүүчү сууга муктаждыгы жоюлду. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 27 миллион 74 000 сом жумшалган. 

Миң-Өрүк айылы Тажикстандын Чорку айылы менен чектешет. Айылда 778 калк жашайт. 

Таза суунун тартылышы менен айылдын жашоо шарты бир топ илгериледи дешет элеттиктер.

Новости по дате