http://www.ktrk.kg/С.Жээнбеков элчилерди дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду

С.Жээнбеков элчилерди дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду

15 Янв , 23:49 2038

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Кореядагы элчилерди дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. 

Бул кызматтарга талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде колдоо тапты. Аликбек Жекшенкулов, Болот Отунбаев, Динара Кемелова жана Канайым Бактыгулованын дипломаттык тажрыйбасы, иштеги артыкчылыктары эске алынган. 

Элчилердин ар кандай билдирүүлөрү, дипломатияга гана эмес, жөнөкөй кызматтык этикага сыйбаган жүрүм-турумдары көп талкууларды жаратып келген. Мындан улам мамлекет башчысы өлкөнүн жүзү болгон элчилерди дайындоо маселесине кылдат мамиле жасоо керектигин белгилеген эле. 

Элчилерге коюлган талаптар талапкерлерди кароо учурунда эл өкүлдөрү тарабынан да айтылды. Алыстагы журтташтарга кол сунуп, алардын көйгөйлөрүн чече билген, өлкөлөр ортосундагы байланышты бекемдеп, инвестиция тарта алган жана Кыргызстанды уятка калтырбаган элчилер болсо деген көпчүлүктүн тилеги.

Жаңы элчилерди дайындоодо алардын тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы бекеринен эмес. Себеби АКШ, Орусия жана Кытай дүйнөдөгү эң кубаттуу үч мамлекет. 

Ошондой эле Түштүк Кореянын да экономикадагы, технологиядагы жаңы жетишкендиктери менен бөлүшүү эске алынган. Кызматташтыктагы ар бир ийгиликке элчилер салым кошушу керек. 

Новости по дате