http://www.ktrk.kg/Бүгүн Кыргызстан-Филиппин курамасы беттешет

Бүгүн Кыргызстан-Филиппин курамасы беттешет

16 Янв , 10:15 5339

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн чечүүчү таймашка филиппиндик атаандаштары менен оюн талаасына чыгат. Таймаш Дубайдагы Rashid Stadium стадионунда өтүп, Бишкек убактысы менен 19.30да башталат. Эскерте кетсек, улуттук команда буга чейин тайпалаштары Кытай 1:2 жана Түштүк Кореядан 0:1 эсебинде утулуп калган. Бирок филиппиндиктерди жеңсе, үчүнчү орундан плей-оффко чыга турган төрт команданын катарынан орун алат. 

Эгер утулуп калса, кыргызстандыктар үйгө кайтмакчы. Ушу тапта улуттук курама тайпада үчүнчү орунда турат. Дарбазага киргизген жана өз дарбазасына кирген топторунун саны боюнча бүгүнкү атаандаштардан алдыда. Эки команданын тең упайы жок. Кыргызстан менен Филиппин командалары буга чейин жолдоштук беттеште ойногон, анда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен утуп алган.

Ал арада Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы эртең өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап, 

"Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир Кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм. Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат”, - деп белгиледи.

 Президент ошондой эле Кыргызстандын курамасы бул турнирде абдан кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүп жатканын кошумчалады. Команда катышкан ар бир матч күйөрмандардын зор кызыгуусун жаратууда. Биздин жигиттер күчтүү атаандаштарга - Азия Кубогунун фавориттерине каршы татыктуу ойношту. 

“Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен тең ата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда биздин футболчулар бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир матч турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу матч болуп саналат. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз! Силерге ийгилик жана жеңиш каалайм!”, - деди мамлекет башчы. 

Новости по дате