http://www.ktrk.kg/Дача СУдагы авиа кырсыкка 2 жыл толду

Дача СУдагы авиа кырсыкка 2 жыл толду

16 Янв , 19:05 762

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

16-январда Дача СУдагы авиа кырсыкка 2 жыл толду. Мындан эки жыл мурун 16-январдын таңында катталган учак кырсыгы 39 адамдын өмүрүн алган. Таңкы таттуу уйкудан ойгонбой калган жарандарыбыз "Манас" эл аралык аэропортунан 2 чакырым алыс турган Дача СУ айылынын тургундары болчу. Кырсыкка учураган учак Түркия аба жолдоруна тиешелүү болгон жана Гонкконгдон Стамбулду карай жүк ташып бараткан.

Шейит кеткендердин жакындарына ар тараптуу жардамдар берилип, өткөн жылдын 13-январында кырсык катталган жерге маркумдардын элесине арналган эстелик ачылган. Бүгүн, 16-январь күнү учактын кесепетинен набыт кеткендер эскерилип, президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, жергиликтүү бийлик, көзү өткөндөрдүн жакындары каза тапкандардын элесине арналган эстеликке гүлчамбар коюп, куран окулду.  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате