http://www.ktrk.kg/Коомдук кеңеш эл менен бийликтин ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүчү аянтча

Коомдук кеңеш эл менен бийликтин ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүчү аянтча

16 Янв , 22:48 979

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдогу талылуу маселени чечүүдө жана коррупция менен күрөшүүдө дегеле мамлекеттик органдарга элдин үнүн жеткирүүдө жарандык коомдун пикири маанилүү. Мындай пикирлер Коомдук кеңештердин жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик саясатты жана программаларды ишке ашыруудагы кызматташуусу боюнча жыл сайын өтүүчү конференцияда белгиленди.

Коомдук кеңеш эл менен бийликтин ортосунда көйгөйлүү маселелерди чече турган аянтчага айланды. Учурда 36 министрлик жана мекемеде коомдук кеңештер түзүлгөн жана алар тарабынан коомдогу олуттуу маселелер талкууга салынып турат. Мамлекеттик органдардын өнөктөшү болуп элдин үнүн мамлекеттик органдарга жеткирип, ал эми мамлекеттик органдардын ишиндеги кемчиликтерди, коррупциялык көрүнүштөрдү коомго ашкерелеген Коомдук кеңештер орду, ролу олуттуу экенин далилдей алды.

Дал ушул коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу багытында Коомдук кеңештер Коопсуздук кеңеши менен тыгыз кызматташтыкта иш алып келет жана натыйжалуу жыйынтыктар бар. Коопсуздук кеңешинин катчысы Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү снариптештирүү жылында да жемкорлукка каршы жигердүү иштер улантылаарын белгиледи.

Коомдук кеңештер жөнүндө укуктук-ченемдик база ишти жигердүү алып барууга толук укук бере турганын белгилеген Вице-премьер-министр бул институтту дагы өркүндөтүү учур талабы экенин билдирди.

Мыйзамга ылайык Коомдук кеңештердин мүчөлөрү комиссия тарабынан сыныктын негизинде тандалат. Коомдук кеңештердин курамына талапкерлер жарандар, уюмдар тарабынан жана өзүн-өзү көрсөтө алат.

Коомдук кеңештер жарандык демилгелерди алдыга жылдырууда негизги күчкө ээ экени жана бул институт мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгүнө айланганы айкын. Анын натыйжасында акырындык менен жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенбестиги жоюлуп бара жатат. Коомдук кеңештер берген сунуштар эске алынып, коомдун демилгелери мамлекетке жеткирилүүдө.


Новости по дате