http://www.ktrk.kg/Сокулукка ветеринардык лаборатория курулат

Сокулукка ветеринардык лаборатория курулат

17 Янв , 11:04 1037

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сокулукка Кытай грантынын эсебинен ветеринардык лаборатория курулат. 3 гектар жерге заманбап ветеринардык лаборатория Кытайдын берген 20 миллион доллардын эсебинен салынат. Учурда курулушка жер бөлүп берүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары талкуулап жатат. 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдиргендей, заманбап лабораториянын ичинде ветеринардык, фитосанитардык, биологиялык жана агрардык топурак лабораториялар болот. 

Кыргызстанга 20 миллион доллар грант берүү маселеси ШКУнун Ташкент шаарында өткөн саммитинде, Кытай мамлекетинин жетекчилиги тарабынан сунушталган. Учурда Кыргызстан боюнча 19 ветеринардык лаборатория бар. Анын экөө улуттук макамга ээ, Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келет.

Новости по дате