http://www.ktrk.kg/Мал - жандыкка зыян тийгизген карышкыр, чөөлөр жок кылынууда

Мал - жандыкка зыян тийгизген карышкыр, чөөлөр жок кылынууда

17 Янв , 15:22 953

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунда 2018- жылы 112 баш карышкыр жана 62 чөө жок кылынган. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменитинин өкүлчүлүгү билдирүүдө. Белгилей кетсек, мамлекеттик мергенчилерге облустагы мергенчилер жана балыкчылар коомдук уюму барандуу жардам көрсөтүп келишет. Былтыркы жылы алар тарабынан түзүлгөн тогуз топ иш жүргүзүп, элдин малына зыян тийгизип жаткан аймактарда иш жүргүзүшкөн. 

Мергенчилердин билдирүүсүндө карышкыр Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда күч болгон. Алар бир жыл ичинде жалпы кырк эки баш ири мүйүздүү малга, жыйырма жети жылкы, отуз беш кой-эчкиге тийип зыян келтирген. Быйыл дагы карышкыр бул аймактарда көп байкалып, он беш күндүн ичинде тогуз карышкыр атылды.

"Биотүрдүлүктү сактоо боюнча кезектеги иш - чарабызды жүргүзүп жатабыз. Мында негизинен жырткыч жаныбарларды атып жоготуу иштери жүргүзүлөт. Буга ошол эле карышкыр, чөө жана көбөйүп кеткен сагызган, карга сыяктуу жаныбарларды жок кылабыз. Бүгүн мына Түп районунда болуп эки чөөнү атып жок кылдык. Бул иштер маал-маалы менен улана берет",- деди мергенчи Мурат Жекшебаев. 

"Карышкыр, чөөлөр элге аябай зыянын тийгизип атат. Элде болсо ар биринде эле карышкырды атып жок кылуу мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан биз жардамга келебиз",- дейт мергенчи Төлөгөн Батуков.

Новости по дате