http://www.ktrk.kg/Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын куттуктады

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын куттуктады

17 Янв , 23:37 2061

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн футбол боюнча курама командасынын Азия Кубогунда жарым чейрек финалга чыгышы менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Мамлекет башчы атаандашынын айласын кетирген футболчуларга жана башкы машыктыруучуга жалпы элдин атынан ыраазычылыгын билдирип, алкыш айтты. Ошондой эле кийинки оюндарда дагы бүтүндөй Кыргызстан улуттук команданы сүрөй турганын белгиледи.

"Ак шумкарлардын" Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыгышы бардык мекендештерибизге сыймык алып келди. Намыска жарап, кыргыз байрагын бийик көтөргөн азаматтарды жеңиши менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков чын дилинен биринчилерден болуп куттуктап, телеграмма жиберди.

Ошентип Азия биринчилиги үчүн таймашта ары же бери болобуз деп турган кыргыз футболчуларына ийгилик жылмайып, тайпалык оюндардын акыркы беттешинде кийинки баскычка жолдомону "сууруп чыгышты".

Азия кубогунун тайпалык беттешинде Кыргызстандын футболчулары Филиппинди ири эсеп менен утуп алды. 19-катар санындагы чабуулчу Виталий Люкс беттеште хет-трик жаратып, башкача айтканда катары менен 3 жолу гол киргизип жеңишке жетүүнүн акжолтой себепчиси болду.

Оюндун алдында мамлекет башчы курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу байланышкан. Анда - биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат, ар бир кыргызстандык сыяктуу эле мен да биздин команданын күйөрманымын, -деп ийгилик каалаган. Өлкө башчынын күтүлбөгөн жерден минтип телефон чалышы "ак шумкарлардын" демине дем кошуп, жеңишке шыктандырган.

Негизи эле президент өлкөдө футболдун өнүгүшүнө өзгөчө маани берип, колдоо көрсөтүп келет. Бул мелдешке алгач жолдомо алгандан кийин улуттук курамдын оюнчулары менен жолугушуп, Азия Кубогунда ойноо бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз жана сиздерге дайыма күйөрман болдук. Биздин курама команда акыркы мезгилде ушундай жакшы оюн көрсөткүдөй деңгээлге жеткенин бүт дүйнөгө далилдедиңер. Албетте татаал болду, бирок сиздер эң мыкты сапатыңыздарды көрсөттүңөр", - деп кыргыз футболчуларынын зоболосун көтөргөн.

Алыскы Араб Эмираттарында мекендештеринин жеңишке кубанган күйөрмандар кубанычын батыра албай ураан чакырып Бишкектин көчөлөрүнөн басышты. Сүйүнгөн фанаттардын колоннасында жүздөгөн адамдар болгон.

Футболчулардын ийгилигине өлкөбүздүн бардык аймактарында көрүүчүлөр түз эфир аркылуу күбө болгон. Маанилүү жништен кийин бүтүндөй Кыргызстанды футболдук "эпидемия" каптады.

“Ак шумкарлардын” Азия Кубогундагы триумфу тууралуу чет элдик басылмалар да жазып чыгышты. “The National” сайты Виталий Люксту беттештин мыкты оюнчусу десе, “Fox sports” оюнда футболчулардын рейтингин чыгарды. Анда Виталий Люкс мүмкүн болгон 10 баллдын ичинен 10 упайга татыган. “Александр Крестининдин оюнчулары эки оор беттештен кийин Филиппиндерге каршы оюнда өзүнүн эң мыкты оюнун көрсөтө алды” - деген саптар менен дагы бир популярдуу спорттук-аналитикалык агенттик $$$$ спорттун беттеш жөнүндөгү макаласы башталат. Улуттук курама команданы жеңиш менен камсыздаган оюнчулар тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары түрдүү пикирлерди калтырышууда.

Кыргызстан үчүнчү орунду татыктуу ээлеп, жарым чейрек финалдык баскычка өтө алды. Кийинки оюн мелдеш талаасынын ээси, Бириккен Араб Эмираттарына каршы 21-январь күнү болмокчу. Беттештин башталышы Бишкек убактысы боюнча 21:00до. Эске сала кетсек, Азия Кубогунун бардык оюндарын түз эфир аркылуу көрө аласыз. Ал үчүн болгону КТРК жана КТРК Спорт каналдарынан алыстабаңыздар...



Новости по дате