http://www.ktrk.kg/КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыяланды

КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыяланды

18 Янв , 14:34 4764

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылдын 19-мартында КТРКнын азыркы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу, КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыяланды. 

КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор 4 жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча, талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү жана түшүнүп-баамдоосу зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт. 

Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өздүк таржымалын, өмүр баяны, паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн, жана башка документтерди камдашы керек. КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып бериши керек.


Бул документтерди КТРКнын Байкоочу кеңешинин катчылыгына жөнөтүү керек. Дареги: Бишкек шаары Жаш Гвардия бульвары, 59; тел.: 0 312 656721 же sovetotv@gmail.com деген электрондук дарекке жөнөтүшү керек. Сынакка катышуу арызын 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө чейин, бардык документтерин жабык конвертке салып, “КТРКнын Башкы директору кызматы сынагына” деген белги менен жөнөтүүсү керек. 

Мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт. Документацияга белгиленген талаптар бузулган учурда берилген документтер Байкоочу кеңеш тарабынан четке кагылат. Зарыл болгон учурда Байкоочу кеңеш кошумча маалыматты суроого акылуу. Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Ар бир кийинки баскычка андан мурдагы баскычта коюлган талаптарга ылайык тандалып, өткөн гана талапкерлер чакырылат.





КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

КООМДУК  ТЕЛЕРАДИОБЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫНЫН

БАШКЫ  ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА

АЧЫК СЫНАК

 “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына ачык сынак өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна, Байкоочу кеңештин 20.12.2018-ж. жыйынында бекитилген протоколго ылайык Коомдук телерадиоберүү корпорациянын Байкоочу кеңеши Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы  директору кызматына (КТРК КР) ачык сынак  жарыялайт.

 Кызмат ордуна  талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:

•          жогорку билим;

•          мамлекеттик тилди эркин билүү (расмий тилди, англис жана башка тилдерди билүүсү - артыкчылык);

•          5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы;

•          телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү жана түшүнүп-баамдоо.

Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт.

Сынакка катышуучу талапкерлер КТРКнын  Байкоочу кеңешинин катчылыгына (дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,720010, Жаш Гвардия бульвары, 59;  тел.: 0 312 656721 же эл. дарек: sovetotv@gmail.com) 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө  чейин төмөнкү документтерди  жабык конвертке салып, “КТРК КР Башкы директору кызматы сынагына” деген белги менен жөнөтүүсү керек:

 

  • Байкоочу кеңештин Төрагасынын атына арыз;
  • түстүү сүрөт менен өздүк таржымал;
  • өмүр баяны;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • жогорку билими жөнүндө дипломдун же жогорку билимди же Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ага теңештирилген билимди алгандыгын тастыктаган  мамлекеттик үлгүдөгү документтердин нотариалдык жактан же иштеген жеринин кадр кызматы тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
  • нотариалдык жактан же иштеген жеринин кадр кызматы тарабынан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
  • сынактын  катышуучулары адистик билим жана / же адистигин жогорулаткандыгы, кошумча адистик билими жөнүндө, окумуштуулук даража ыйгарылгандыгы жөнүндө документтерин өз каалоосу менен кошо алышат;
  • КТРКны өнүктүрүү боюнча ойлорун жазуу түрүндө (мамлекеттик тилде (кошумча расмий тилге которулганын да бере алат); 3 барактан ашпаган, Times New Roman 12-өлчөмүндө арибинде, 1,15 аралык менен).
  • КТРК Башкы директору кызматын ээлөө сынагына катышып жаткан учурда талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ээлебей турганы, ошондой эле саясий уюмдардагы мүчөлүгүн токтоткондугу жөнүндө талапкер кол койгон кепилдик каты.

Сынактын катышуучуларынын  арыздары жана тиешелүү документтери жарыяланган убакыттан кечиксе же жарыяланган талаптарга ылайык келбесе, анда алар кабыл алынбайт. Документацияга белгиленген талаптар бузулган учурда берилген документтер Байкоочу кеңеш тарабынан четке кагылат. Зарыл болгон учурда Байкоочу кеңеш кошумча маалыматты суроого акылуу.

Сынакка алынган документтер кайтарылбайт.

Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Ар бир кийинки баскычка андан мурдагы баскычта коюлган талаптарга ылайык тандалып, өткөн гана талапкерлер чакырылат.

Кошумча маалыматты жана суроого жоопторду sovetotv@gmail.com электрондук дарек жана 0312 65 67 21, 0312 39 24 04 телефону аркылуу ала аласыздар.

Кыргыз  Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши.


Новости по дате