http://www.ktrk.kg/УКМК: А.Ибраимовго кылмыш ишине катышкандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды

УКМК: А.Ибраимовго кылмыш ишине катышкандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды

18 Янв , 11:48 1648

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго кылмыш ишине катышкандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Атайын кызматтын тергөө башкармалыгы, «ТНК «Дастан» ачык акционердик коому тарабынан, “Күнөстүү жээк” пансионатынын акциялар пакетинин 100 пайызын төмөдөтүлгөн баада сатуу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Ибраимовго кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирүүнү тапшырды. 

УКМКнын маалыматы боюнча, Албек Ибраимов Президенттик аппаратта иштеп турган кезинде, кызмат абалынан пайдаланып, "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын төмөндөтүлгөн баа менен сатууга тиешеси болгон. Натыйжада мындан мамлекетке ири зыян келтирилген. “Күнөстүү жээк” пансионатынын акцияларын арзандатып сатуудан улам, жыйынтыгында «ТНК «Дастан» ишканасы 82 миллион 750 миң 556 сом өлчөмүндө чыгым тарткан деп айтылат. 

Эскертке кетсек, «ТНК «Дастан» ишканасынын 98 пайызы мамлекетке тиешелүү. Тергөөнүн жүрүшүндө “Күнөстүү жээк” пансионатынын 100 пайыз акциясынын азыркы ээси, келтирилген 82 миллион сомдон ашык акчаны толугу менен мамлекеттин эсебине которуп берди.

Новости по дате