http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдөгү эстеликтерди талкалоодо бейбаштыктан башка себеп жок

Ысык-Көлдөгү эстеликтерди талкалоодо бейбаштыктан башка себеп жок

18 Янв , 12:07 1000

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы белгисиз адамдар тарабынан талкаланган православ көрүстөнү боюнча окуяда эч кандай диний себеп жок. Айыл түптөлгөнү көп улуттуу болуп, тургундар ар дайым ынтымак менен биримдикте жашап келет. Маркумдардын жакындары менен болгон жолугушууга, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик дин комиссиясынын, облустук казыяттын жана православ дининдеги өкүлдөр барып, абалды жеринде көрүп, кабар алышты. 

Ал эми талкаланган эстеликтерди жазында калыбына келтирүү чечимин маркумдардын жакындары, дин өкүлдөрү менен биргеликте аба ырайына байланыштуу кабыл алышкан. Бул үчүн көрүстөнгө орнотулуучу белги кресттерди айылдагы номур 82-кесипттик техникалык лицейинин мугалимдери менен студенттери даярдап коюшту. Керектүү тактай жана башка каражаттарды айыл өкмөт бөлүп берген. 

“Бул окуя бир эле айыл элинде эмес, жалпы эле журт ичинде өтө чоң тепки менен кабыл алынды. Биз ар дайым көзү өтүп кеткен адамдарыбызды урматтоо менен гана эскеришибиз керек. Бул көрүнүштү бир дагы дин кабыл албайт. Андыктан маркумдардын жакындары менен жолугушуп, эстеликтерди калыбына келтирүүдө жана күмбөздүн тегерегин иретке келтирүүдө жергиликтүү храмга жардам берүү аракети көрүлүүдө”,- деп билдирди  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Саламат Жолдошев. 

“Кудайга шүгүр, бул окуядан кийин дароо жардамдар көрсөтүлө баштады. Акырындык менен бары калыбына келет. Азыр мына эстеликтер четинен даяр болуп жатат”,- дейт Ананьево айылынын чиркөө кызматкери Виктор. 

Эске салсак, Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү үрөй учурган бейбаштык 11-январда катталып, жалпы 91 эстеликтин сынганы аныкталган.

Новости по дате