http://www.ktrk.kg/Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кеңешме өттү

4 Май , 16:22 220

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу чараларды көрүү жана аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, жаз мезгилинин жаан-чачындуу болушуна байланыштуу калктуу аймактарды жана жашоону камсыз кылуу объекттерин суу каптоо, сел, жер титирөө жана жер көчкү процесстеринен алдын ала коргоо атайын чараларын көрүүнү күчтөндүрүү зарыл. 

Ошондой эле, Өкмөт башчы бардык потенциалдуу кооптуу тилкелерде алдын ала коргоочу чараларын өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Мындан тышкары Премьер-министр аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, фискалдаштыруу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу маселелерине токтолду. 

Өкмөт башчы өзгөчө баса белгилегендей, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылгандыгын эске алганда бул иштер маанилүү болуп саналат. Бул ишти натыйжалуу аткаруу жарандардын кызыкчылыктарына жооп берет жана Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү боюнча көрсөткөн багытына дал келет.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларынын комплексин ыкчам тартипте ишке ашыруу керек. Биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдар тобокелдиги бар участоктордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу кажет. Биз калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жер-жерлерде иштеп, жарандарыбызга жардам көрсөтүү боюнча иштерди башкарууга тийишпиз»,- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Новости по дате