http://www.ktrk.kg/Санариптик Кыргызстан концепциясы мамлекеттик кызмат көрсөтүү иштерин тездетет

Санариптик Кыргызстан концепциясы мамлекеттик кызмат көрсөтүү иштерин тездетет

18 Янв , 13:28 1643

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Санариптик Кыргызстан концепциясын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү иштери тездетилет. Бул тууралуу “Мамлекеттик башкаруу жана кызмат көрсөтүүдөгү жаңы инновациялар” аталышындагы конференцияда айтылды. Жогорку технологиялар паркы уюштурган иш-чарада кызмат көрсөтүүлөрдүн заманбап, санарип ыкмаларын иштеп чыккан компаниялардын программалары тааныштырылып, артыкчылыктары талкууланды. 

Жаңы программалар медицина, коопсуз шаар, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө жүргүзүү, аларды жеңилдетүү, аны колдонуу, коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү бир гана кыргыз тилинде жүргүзүү жана аларды пайдалануу сыяктуу жаңы технологиялар тааныштырылды. 

Конференцияга Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, экс-президент Роза Отунбаева, айти тармагындагы адистер жана жеке компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Новости по дате