http://www.ktrk.kg/Мектеп бүтүрүүчүлөрү “Кыргызтесттин” сынагынан өтүүлөрү керек

Мектеп бүтүрүүчүлөрү “Кыргызтесттин” сынагынан өтүүлөрү керек

18 Янв , 14:29 2740

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда кыргыз тилин билүү деңгээли эске алынат. Ал үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрү “Кыргызтесттин” сынагынан өтүшү керек. Колунда тесттин сертификаты бар абитуриенттерди бюджеттик орундарга кабыл алууда артыкчылыктар берилет. Тестти тапшыруу быйыл ыктыярдуу болсо, эмдиги жылдан баштап сөзсүз талап кылына баштайт.

Жыл сайын өлкөдө 60 миңден ашык окуучу мектепти бүтүрөт. Алардын теңи мамлекеттик жогорку окуу жайларына тапшырышат. Сабакты жакшы окуп, Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган абитуриенттер үчүн беш миңден ашык бюджеттик орун бөлүнгөн. Быйыл болсо, бюджеттик орунга кабыл алууда жалпы республикалык тест менен кошо “Кыргызтестти” да тапшыргандардын мүмкүнчүлүгү эки эсеге жогору болот.

Муну мындайча түшүндүрсөк болот. Эки абитуриент Жалпы республикалык тестирлөөдөн бирдей упай алып, бюджеттик орунга талапкер болуп жатат. Мындай учурда колунда “Кыргызтесттин” сертификаты бар талапкерге артыкчылык берилет да, тоскоолдуксуз кабыл алынат.
Мындай артыкчылыкка Айгерим да ээ болгусу келип турат. Ал “Кыргызтестти” бюджеттик орунга өтүүдө мамлекет тарабынан сунушталган бонус катары баалап жатат. Тестти тапшыруу үчүн “Кыргызтесттин” сайтына катталуу зарыл. Сертификат алуу үчүн кыргыз тилдүү мектептин окуучулары В1, ал эми орус же дагы башка тилде окугандар А2 деңгээлинен кем эмес билиши шарт.
Тестти тапшыруу быйыл ыктыярдуу болсо, эмдиги жылдан баштап талап кылына баштайт.

Ошондо, абитуриенттер 1-марттан баштап “Кыргызтесттин” сайтына катталып, өз алдынча даярдана берсе болот.


Новости по дате