http://www.ktrk.kg/Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү иштери тездетилет

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү иштери тездетилет

18 Янв , 21:35 1822

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Санариптик Кыргызстан концепциясын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү иштери тездетилет. Бул тууралуу “Мамлекеттик башкаруу жана кызмат көрсөтүүдөгү жаңы инновациялар” аталышындагы конференцияда айтылды. Анда Кыргызстандагы алдыңкы делген айти компаниялар өздөрү иштеп чыккан инновациялык тутумдар менен тааныштырды. 


Медициналык тез жардам кызматынын жумушун жеңилдетүүгө багытталган программаны Кыргызстанда алдыңкы деп эсептелген айти компаниясы иштеп чыккан. Программа 103 кызматына кайрылуу түшкөндөн тартып, бейтапты ооруканага жеткиргенге чейинки иш аракетти көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк берет. Канча адам телефон чалып жатканы, канча унаа иштеп, ар биринин макамы кандай абалда экени көрүнүп турат. Адистердин иштөө тартиби боюнча маалыматтар камтылат.


Ал эми жалаң кыргыз тилинде сүйлөй турган жасалма интелектти ишке киргизүү менен Улутсофт компаниясы алектенүүдө. Жетекчиси Мирбек Океновдун айтымында, заманбап, акыркы үлгүдөгү технологиялар адамдын жашоосуна тездик менен кирип жатат. Адистер акылдуу буюмдарды медицина, билим берүү, айыл чарба, өнөр жай тармагы жана башка коомдук кызматтарга киргизүүнүн аракетинде.


Мындан сырткары көргөзмөгө адамды идентификациялык система аркылуу таануу, коопсуз шаар, мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү сыяктуу бир катар жаңы программалар тааныштырылды. Булардын бардыгы Кыргызстандагы жеке компаниялардын ойлоп тапкан эмгектери. Бүгүнкү иш чарага алардын алтоосу катышты. 



Новости по дате