http://www.ktrk.kg/Кочкор районунда сууну үнөмдөп пайдаланууга өзгөчө маани берилүүдө

Кочкор районунда сууну үнөмдөп пайдаланууга өзгөчө маани берилүүдө

19 Янв , 15:20 2031

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындын Кочкор районунундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтү сууну үнөмдөп пайдаланууга өзгөчө маани берүүдө. Суу колдонууда тактык болуп, коромжуга учурабашы үчүн түтүктөргө суунун канча жүгүртүлгөнүн көрсөтө турган эсептегичтерди койгону жатышат. Мурда суу колдонгондо ар бир жан башына деп эсептелип, кимдин канча суу пайдаланганы так билинчү эмес. Эми болсо пайдаланган суу кубуна карата 20 сом деп эсептелип, ар бир үй-бүлө колдонгонуна жараша төлөм төлөйт.

Бактыярды күнүгө суу ташыган көйгөй жадатып бүттү. Үйүндө суу түтүгү бар туруп, күнүгө көчөнүн өйдө жагына барып, суу ташып келет. Анткени алар жашаган айылдын төмөнкү жагында таза суу араң бүлбүлдөйт.

Маселе жаралган себеби суу пайдаланууда калыстык жок. Мисалы короосунда суу шаркырап чыгып жаткан жогорку аймактагылар сууну бардык керектөөсүнө пайдаланат. Жайкысын огородунда кенен суу жатса, кыштата малын сугарып чыгат. Тоңуп калбасын деп айрымдары аны кечке агызып да коюшат. Айыл өкмөтү таза сууга учурда ар бир үйдөн жан башына 16 сом элүү тыйындан жыйнайт. Бирок мал-жандуу үйдө эки адам жашаса 33 сом берип коюп, короо толо малын сугара бериши мүмкүн. Ошол себептен суунун көлөмү азайып, төмөн жактагы үйлөргө суу чыкпай калат.

Бирок малы жок , аз камсыз болгон үй-бүлөдө 7-8 адам жашаса, сууну аз ичкенине карабай жүз сомдон ашык акча берет. Чечилбес меселе болбойт дегендей, жергиликтүү бийлик ЮСАИД уюмунун аймакта иштеп жаткан долбоору менен тыгыз кызматташып, бул маселени оң жагына чечмек болду. Эксперттер айыл эли менен кеңешкен коомдук угууларды өткөрүп, таза сууга болгон тарифтерди калыс эсептеп чыгып, бардык документтерин мыйзамдаштырып камдап берген. Суу коромжу болбош үчүн ар бир үйгө таза сууга эсептегич орнотулуп, ар бир кубуна 20 сомдон төлөмөй болушту.

Суунун наркы жан башына эмес, ар бир коротулган кубуна карата эсептелгенде ашыкча суу агызылбайт. Көп акча төлөгүсү келбеген адам сууну бекер эле агыза бербей, жапканча шашып турат. Элге да суу тегиз жетет.

Суу эсептегичтер жаздан тарта 250 үйгө коюлуп, иштей баштайт. Максат элден көп акча чогултуп алуу эмес, көп элге суу жеткирүүдө болуп жатат. Элдин келечегин ойлогон мындай иштен өлкөнүн башка айылдары дагы үлгү алып, натыйжага маани берсе, чындап эле аймактардын өнүгүшүнө салым болмок.


Новости по дате