http://www.ktrk.kg/Кыргыз спортунун, анын ичинен футболдогу жаңы жетишкендиктер

Кыргыз спортунун, анын ичинен футболдогу жаңы жетишкендиктер

20 Янв , 23:41 3892

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жыл, 16-январда кыргыз спортунун тарыхында эң маанилүү жана негизги окуялардын бири орун алды. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алкагында Филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп, биринчиликтин плей-офф баскычында ойноого мүмкүнчүлүк алды.

Кыргыз курама командасынын оюндарына бүткүл кыргызстандыктар күйөрмандык кылышууда. Миллиондогон мекендештерибиз тайпалык баскычтагы акыркы беттешти көгүлтүр экрандын артында отуруп көрсө, дагы бир бөлүгү Азия кубогу өтүп жаткан Бириккен Араб Эмираттарына барып кыргыз курамасына күйөрмандык кылышууда. 

Белгилей кетүүчү жагдай, акыркы жылдары кыргыз футболунда көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр орун алды. Албетте жакшы жагына. 

Союз тарагандан кийин өлкөдө бир гана футбол эмес, жалпы эле спортко көңүл бурулбай калган. Ал эми азыр абал башка, акыркы жылдары футболду өнүктүрүүгө мамлекеттин, ошондой эле жеке демөөрчүлөрдүн салымы чоң болду. 

Кыргызстандын футболчулары Азия кубогуна тарыхта биринчи жолу катышып отурат жана алар азыр 1\8 финалда. Бул баскычта 16 команда күч сынашып, утканы андан аркы 1/4түк финалга жолдомо алса, утулганы үйүнө кайтат. Белгилүү болгондой 1/8дик финалда Кыргызстан үй ээлери болгон Бириккен Араб Эмираттары менен ойнойт. 

Беттеш эртең, 21-январда Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат. Оюнду КТРК жана КТРК спорт каналы түз алып көрсөтмөкчү. 




Новости по дате