http://www.ktrk.kg/Кыргыз-кытай эки тараптуу мамилеге чок салгысы келген кимдер?

Кыргыз-кытай эки тараптуу мамилеге чок салгысы келген кимдер?

20 Янв , 0:10 937

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу багытты карманып, дүйнө өлкөлөрү менен тыгыз кызматташтыкта болуу аракетин көрүп келет. 

Анын ичинен бекем алака коңшу өлкөлөр менен, Борбор Азия мамлекеттери жана стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен түзүлүп жатат. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү бул Россия Федерациясы жана коңшу Кытай Эл Республикасы.

Айтмакчы, Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы 2018-жылы жаңы деңгээлге чыгып, эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык алака президент Сооронбай Жээнбековдун бул өлкөгө болгон мамлекеттик сапарында түзүлдү. 

Мындан сырткары бир катар экономикалык долбоорлорго кол коюлуп, коңшу өлкө Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүү, таза суу жана жалпы эле инфратүзүмдү колдоо үчүн кайтарымсыз каражат бөлдү.

Коңшу өлкө буга чейин да Кыргызстанда ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырып келгени белгилүү. Маселен "Датка-Кемин" электр өткөрүүчү чубалгысынын курулушу, республикалык маанидеги жана шаар ичиндеги бир катар жолдордун салынышы, Ош шаарындагы заманбап медициналык комплекс курулушу жана өлкөнүн ирригация тутумун жакшыртуу жаатындагы долбоорлор каржыланып, буга коңшу өлкө тараптан 200 млн долларга жакын каражат бөлүнгөн. 

Адистер кыргыз экономикасы үчүн коңшу өлкөнүн салымы жогору деп баалашат.

Тилекке каршы, акыркы күндөрү кытай тарапка каршы ураандар айтылып, социалдык тармактарда чагымчылык мүнөздөгү чакырыктар жүрүүдө. 

Адистер мындай өнөктүктөрдүн артында өлкөдөгү коомдук саясий абалдын туруктуу болушун каалабаган тышкы жана ички күчтөр турушу мүмкүн деп боолголоп жатышат. 





Новости по дате