http://www.ktrk.kg/КР-РФ: стратегиялык өнөктөштүк

КР-РФ: стратегиялык өнөктөштүк

20 Янв , 0:23 1915

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн чек ара аймактарындагы бөлүктөрдү оңдоп түзөп, абалын жакшыртуу жана жалпы эле кыргыз армиясынын материалдык техникалык базасын чыңдоо иштери уланууда. 

Россия Федерациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында техникалык көмөк көрсөтүү келишимине ылайык, ушул аптада Орусия тарап Кыргызстанга аскердик-техникалык унаа каражаттарын өткөрүп берди. 

Чек ара бөлүктөрүн абалын жакшыртуу, аскердик техникалык каражаттар менен жабдуу иштеринин бардыгы Орусия тараптын жардамы болгондуктан акысыз жүргүзүлүүдө. 

Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, ЕАЭБдин тышкы чек ара аймактарын техникалык жабдуу үчүн Орусия 48 жарым млн доллар бөлөт. Ал эми экинчи этаптагы аскер техникалык жана инженердик жабдууларды берүү боюнча мамлекеттик келишимдин баасы 3 млн долларды түздү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен келээри күтүлүүдө. 


Новости по дате