http://www.ktrk.kg/Акыркы жумада кыргыз дипломатиясында орун алган өзгөрүүлөр

Акыркы жумада кыргыз дипломатиясында орун алган өзгөрүүлөр

20 Янв , 13:20 1345

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Узап бараткан аптада кыргыз дипломатиясында орчундуу окуялар орун алды. 

Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөш болгон Россия Федерациясы жана Кытай Эл Республикасы, андан сырткары Америка Кошмо штаттары жана Түштүк Корея мамлекеттерине жаңы элчилер дайындалды. Ар бири өз ишин так билген, иш билги жана кесипкөй адистер.

Айта кетүүчү нерсе, буга чейин Кыргызстанда башка тармактар менен бирге дипломатия дагы аксап келген. 

Элчиликке бул кызмат менен тааныш эмес, четтен келген кадрлар дайындалып, ал эми алардын иш аракетинен кандай жыйынтык болгонунан азыркы учурга чейин дайын жок. 

Тескерисинче айрым элчилерибиз өзүнүн так ойлонулбаган кадамдары менен кыргыз дипломатиясына көлөкө түшүргөндөр да болду.



 

Новости по дате