http://www.ktrk.kg/Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

21 Янв , 14:15 2829

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскерткендей, тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек - Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. 

Ушундай эле коркунуч Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек унаа жолунда, Чоң-Ашуу ашуусунда бар экени айтылат. Мындан сырткары, ӨКМ жолдор тайгак болорун билдирип, машиналардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.


Новости по дате