http://www.ktrk.kg/Орусияда кырсыктаган учакта кыргызстандыктар жок

Орусияда кырсыктаган учакта кыргызстандыктар жок

6 Май , 14:59 456

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Орусияда учак кырсыгында жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 6-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Орусиянын Тергөө комитети «Sukhoi Superjet» учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү мерт болгонун ырастаган. «Аэрофлот» компаниясынын Москвадан Мурманскка жөнөгөн учагында жалпысынан 78 киши - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.

«Sukhoi Superjet» учагы асманга көтөрүлгөн соң, жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон.


Новости по дате