http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар": Бишкекте дагы жаңы камералар иштей баштайт

"Коопсуз шаар": Бишкекте дагы жаңы камералар иштей баштайт

6 Май , 15:47 225

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги дагы тогуз кесилиште "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Жаңы программалык комплекстер 7-майдан тарта төмөнкү кесилиштерде иштейт. Алар:

Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектиси;

Чүй жана Манас проспектилери;

Чүй проспектиси менен Павлов көчөсү;

Жибек Жолу менен Манас проспектилери;

Махатма Ганди менен Боталиев көчөлөрү;

Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан датка көчөсү;

Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү;

Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү;

Байтик баатыр жана Максим Горький көчөлөрү.


Новости по дате