http://www.ktrk.kg/Кыргызстан- Түркия стратегиялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Кыргызстан- Түркия стратегиялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

22 Янв , 10:57 767

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуу улуттук жыйынын депутаттары Джевдет Йылмазды жана Лютфи Элванды кабыл алды.

Жолугушууда стратегиялык кызматташуунун Жогорку Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын ортосунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки өлкөнүн парламентчилеринин ролун өзгөчө белгиледи.


Новости по дате