http://www.ktrk.kg/Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча иликтөө башталды

Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча иликтөө башталды

22 Янв , 11:36 1355

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды. 21-январь түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаа менен “Тойота Авенсиз” унаасы кагылышып, экинчи машинедеги жүргүнчү аял каза болгон. Ал эми эки машиненин айдоочулары оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Алдын ала тергөөнүн маалыматында “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени айтылып жатат. Бирок милициянын аты-жөнү, кызматы ачык айтыла элек. 

Учурда Бишкек шаардык милициясы факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлады. Социалдык тармактарда бул жол кырсыгынын видеосу тарап, анда рулда отурган милиция кызматкерине сын-пикирлерди жазышууда. Ал эми кырсыктан каза болгон жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери экени айтылып жатат. 

Расмий маалымат боюнча 2018-жылда 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган.

Новости по дате