http://www.ktrk.kg/Билим берүү тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилет

Билим берүү тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилет

22 Янв , 14:14 1131

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Билим берүү тармагында, анын ичинде бала бакчадан тартып жогорку окуу жайларга чейинки кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы санариптештирилет. Бул тууралуу “Санариптештирүүнүн алкагында билим берүү багытын өнүктүрүү" деп аталган тегерек үстөлдө айтылды. 

Билим берүү министрлиги буга чейин бала бакчаларга кезекке турууну электрондук түрдө жүргүзө баштаган, быйыл мындай ыкмага мектептерге биринчи класска кабыл алууда киргизилмекчи. Кийинки этапта санариптештирүү жогорку окуу жайларда жана жалпы эле билим берүү тутумунда орун аларын билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков билдирди.

Новости по дате