http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Ооруканадагы кезек күткөндөрдүн маселеси качан жөнгө салынат?

Элдик репортер: Ооруканадагы кезек күткөндөрдүн маселеси качан жөнгө салынат?

22 Янв , 16:42 177

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы мезгилде ооруканаларда кезек күткөндөр өтө эле көбөйүп кетти. Бул маселенин бир себеби адистердин жетишпегенинен да келип чыкса керек. Дал ушул эле маселе менен "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген окурманыбыз. Анын айтымында,

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында кезекте турган адамдардын саны көп, дарыгерлер жетишпейт. Ар бир кабинетте бирден эле дарыгер отурат. Эртең менен 7:30 бери күтүп турабыз, азыр саат 12:00 болуп калды. Эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 2 ден дарыгер отургузуп койбойт. Кичинекей баласы менен келген айымда эртең менен келгенден бери кезек күтүп отурат,- деген окурманыбыз нааразычылыгын билдирди.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.






Новости по дате