http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: "Дордой Плазанын" айынан кабат үйлөрдүн алды унааларга толуп калды

Элдик репортер: "Дордой Плазанын" айынан кабат үйлөрдүн алды унааларга толуп калды

22 Янв , 17:22 249

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл күздөн тартып, өз ишин баштаган "Дордой Плаза" соода борборунун унаа токтотуучу жайында акы төлөнөт. Мындай шартка нааразы болгондор өз пикирлерин социалдык тармактарга да жазып чыгышкан. Соода борборго келип, бирок акы төлөөдөн качкандар көп. Алар шаардын борбордук көчөлөрүнүн туш келген жагына же болбосо кабат үйлөрдүн алдына барып токтотуп коюп кетишет. Мындай нерсе ошол райондун тургундарынын нааразылыгын жаратууда.

Атайын унаа токтоткон жерибиздин айланасы тосулбагандыктан, каалаганы келип токтотуп кетишет. Анын айынан нары-бери каттаганыбызга кыйынчылык жаралууда. Бул нерсени "Дордой Плазанын" жетекчилиги же болбосо бийликтегилер бир чарасын көрүүгө тийиш. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате