http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: жол кыймылына тоскоолдук жаратып, ыңгайсыз токтогон унаалар

Элдик репортер: жол кыймылына тоскоолдук жаратып, ыңгайсыз токтогон унаалар

22 Янв , 17:50 319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Таластын айдоочуларынын базардын тегерегине унааларын башаламан, ар кайсы жерге ыксыз токтотуп коюшканы көрсөтүлгөн. Себеби, унаа токтотуучу жай тартыш болгонуна карабай, айрым айдоочулар туш келди унааларын токтотуп, жол кыймылына жана шаар тургундарына тоскоолдуктарды жаратышууда.

"Айдоочулар өзүбүз оңолуп, унааларды белгиленген жерге токтотпосок, ансыз да базардын тегереги унаа тыгыны. Шаарды, базар тегерегин тартипке келтирүү максатында өзүбүз кызыкдар бололу",- деп айдоочу тасма жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

  

Новости по дате