http://www.ktrk.kg/Климаттын өзгөрүшүнөн 2018-жылы 62 млн адам жабыркаган

Климаттын өзгөрүшүнөн 2018-жылы 62 млн адам жабыркаган

7 Май , 11:17 382

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2018-жылы климаттын өзгөрүшүнөн 62 млн адам жабыркаган. Бул тууралуу маалыматты Бириккен Улуттар Уюму билдирет. Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында биргелешкен маалымат жыйын өттү. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш жана Башкы Ассамблеянын төрагасы Мария Фернанда Эспиноса катышып, “Дүйнөлүк метеорология” уюмунун докладын тааныштырышты. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы кабарлады. 

Докладда 2018-жылы планетадагы 62 млн адам аба ырайынын туруксуз өзгөрүшүнөн жабыркагандыгы айтылат. Басымдуу бөлүгү суу каптоодон жабыркаган. “Биз аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам трагедиялык окуяларды байма-бай башыбыздан өткөрүп келебиз. Өткөн жылы АКШда эле климаттын өзгөрүшүнөн өлкөнүн экономикасына чоң запкысын тийгизген 14 жаратылыш кырсыгын жашадык. “Жалпы чыгым 49 млрд долларды түзгөн. Дүйнө жүзү боюнча суу каптоонун натыйжасында 35 миллион адам жабыркаган. Африканын түштүгүндөгү Идай циклону буга чоң мисал” -дейт баш катчы.

Европа, Япония жана АКШда токой өртүнөн жана рекорддук ысыктан 1600гө жакын адам жабыркаган. Мангхут тайфуну Филиппин жана башка Азия өлкөлөрүн каптап, натыйжада 134 адам каза таап, 2,5 млн адам жабыркаган. “Дүйнөлүк метеорология” уюму берген маалыматка ылайык, 17,7 миллион ички жер которгон адамдардын ичинен 2 миллиону суу каптоо, кургакчылык, катуу шамал өңдүү жаратылыш кырсыктарынан аман калуу үчүн турак жайларын таштап качууга мажбур болушкан. Мындан тышкары докладда, глобалдык жылуулук агымы жана айлана-чөйрөнүн булганышынан абанын кирдеши, миллиондогон адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизип жатканы баса белгиленет. 

Планетанын бардык экосистемасы, биринчи кезекте деңиздер жабыркаган. Дүйнөлүк океандагы абанын курамы азайган. Жок болуп кетүү коркунучу алдында жаныбарлардан тарта өсүмдүктөрдүн бардык түрү турат. Абанын туруксуз өзгөрүшү ачарчылык менен тамакты тое жебегендик менен күрөшүүгө да таасирин тийгизүүдө. 

Бириккен Улуттар Уюму берген маалыматка ылайык, акыркы убакта ачарчылыкка кабылган адамдардын саны кайрадан өсө баштаган. Ушул жылдын 23-сентябрында уюмдун климат боюнча саммити Нью-Йорк шаарында өтөт. Бириккен Улуттар Уюмунун башчысы ага чейин так план иштеп чыгууну талап кылды.

Асел Шамилова, “Биринчи Радио”

     

Новости по дате