http://www.ktrk.kg/Укуктук талаада чоң өзгөрүүлөр орун алды

Укуктук талаада чоң өзгөрүүлөр орун алды

22 Янв , 22:27 2101

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген кодекстерге ылайык, укуктук талаада чоң өзгөрүүлөр орун алды. Маселен, мындан ары мурда жасалган же кайталанган кылмыш үчүн жаза чектелбейт, ар бир кылмышка өзүнчө жаза берилет. Мындан сырткары кылмыш-жаза кодексиндеги мүлктү конфискациялоо, тинтүү жана алып коюу эрежелерине өзгөрүүлөр кирген.

2019-жылдан тарта өлкө жаңы укуктук мейкиндикте жашап жатат. Киргизилген кодекс жана мыйзамдар кылмыш-жаза, сот өндүрүшүн гумандаштыруу жана укук бузуунун чыныгы мүнөзүн аныктоого багытталган. Маселен, анча чоң эмес кылмыштарга эркинен ажыратуу жазасы чектелбей, ал жорук катары каралып, айып пул салуу же коомдук иштерге тартуу санкциясы берилет. 
Жоруктар, Бузуулар, кылмыш жаза, жазык процессуалдык жана жазык аткаруу кодекстери мындан башка бир катар өзгөрүүлөрдү өзүнө камтыды. Алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу учурда сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн 44 кишиден турган топ Бишкек жана Ош шаарларында, аймактарда окутуу иштерин улантууда. Адистер жаңыланууларды окуп, үйрөнүү процесстери аяктаганча аны колдонууда да оорчулуктар болорун эскертишет, бирок реформалар жакшыртылган, эл аралык талаптарга шайкеш келген жаңы укуктук базаны берип, жакшы жыйынтыкка алып келерин белгилешет.


Новости по дате