http://www.ktrk.kg/Таласта төө буурчактын баасы жогорулады

Таласта төө буурчактын баасы жогорулады

23 Янв , 10:52 1218

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусундагы төө буурчактын "лопатка" түрүнүн баасы сапатына жараша 60-65 сомго чыкты. Учурда кабыл алуу түйүндөрүндө ушул баада алып жатканын облустук өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти. Өсүмдүктүн "томатный" сорту былтыр жылдагыдан көбүрөөк эгилген. Бирок, бул түрүнүн баасы жогорулаган жок. 

Таласта 107 миң гектар айдоо жер болсо жылына 50 миңден ашык жерге төө буурчак эгилип, 100 миң тоннаган жакын түшүм жыйналат. Дубанда төө буурчактын жогоруда айтылган түрүнөн башка дагы төрт түрү айдалат. Таластын төө буурчагы түрлөрүнө жараша дүйнөнүн 30 га жакын өлкөсүнө экспорттолот.


Новости по дате