http://www.ktrk.kg/Жалал-Абадда эл аралык талаптагы логистикалык борбор иштей баштады

Жалал-Абадда эл аралык талаптагы логистикалык борбор иштей баштады

23 Янв , 14:07 1614

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абадда эл аралык талаптарга жооп берген логистикалык борбор иштей баштады. Аны жеке ишке курган. Аталган борбордо 400 тоннага чейин азык-түлүк сактоого болот. 

Быйыл алгачкы жолу сыноо иретинде 120 тонна мөмө жемиш сакталууда. Бир нече адамды жумуш менен камсыздаган ири көлөмдөгү муздаткычтар быйыл май айынан баштап иштей баштаган. Быйылтан баштап жергиликтүү дыйкандар жана багбандар үчүн бул жер ижарага берилип баштайт.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио" 

Новости по дате