http://www.ktrk.kg/Кезектеги парламент жыйынында жаңы кодекстер каралды

Кезектеги парламент жыйынында жаңы кодекстер каралды

23 Янв , 3:32 1028

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Парламент жыйынында депутаттарды жаңы кодекстердин сапатынан тартып, аны элге түшүндүрүү иштеринин жүрүшү, ага каражаттын сарпталышы да кызыктырды. 

1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстерди оңдоо үчүн 200дөй мыйзам долбоору менен өкмөттүн 600дөй токтомуна өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жаралды. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна өкмөт мүчөлөрү менен кодекстерди иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун эксперттери жооп беришти.

Жаңы кодекстерди ишке киргизүүгө 300 миллион сом каралган. Ага жабдуулар сатып алынып, кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри түзүлгөн. Ошондой эле кызматкерлерди окутууга да акча сарпталды. Ал эми жалпы соттук-укуктук реформаны ишке ашырууга 13 600 000 евро каралган.

Ар бир кодексте айып пулдардын, жазанын ырааттуулугу бар, ал боюнча эсептесе болот. Айып пул жоруктардын түрүнө карап көтөрүлүп кете берет. Жоруктар эң аз айып пул менен белгиленген, ошондуктан логика бар. Мурда деле айып пулду иштеп чыкканда эч качан маянанын көлөмү эске алынган эмес, - деп билдирди эксперттик топтун мүчөсү Гүлмира Маматкеримова.

Жыйын соңунда 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарды талдап, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн өкмөткө Жогорку Сот, Башкы прокуратура менен бирге жумушчу топ түзүү тапшырылды. 

Аткаруу бийлиги парламенттин бул токтомунда камтылган иш-чараларды 1-мартка чейин жүргүзүшү керек.


Новости по дате